УКМК 2019-жылдын 2-сентябрында өкмөттүн 2018-жылдын 22-июнундагы токтомуна ылайык, Каржы министрлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча которууну ишке ашырды. Бул жолу 11 миллион сом которулду.
Аталган мекеменин маалыматына караганда, коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн бул каражатты кошкондо депозиттик эсеп ачылгандан бери УКМК 283 миллион 535 миң 391 сом которду.