Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилеген майрамда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 52 бала ата-энесинен адашып калган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек ШИИБинен кызматкерлери ыкчам аракеттердин натыйжасында балдарды ата-энелерине кайтарып беришкен. Андан башка окуялар жана эреже бузуулар катталбады.
Ошондой эле майрамдын эртеси "Тазалык" муниципалдык ишкананын кызматкерлери 16 тонна таштанды чогултушкан, анын 10 тоннага жакыны Ала-Тоо аянтынан чыккан.
Таштанды чогултууга 80 кызматкер жана сегиз атайын техника тартылган. Ала-Тоо аянтындагы таштанды таштоочу урналардан тышкары майрамга карата дагы 50 желим жана алты евроконтейнер коюлган.