"Ак Калпак" саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 28 жыл толгон улуу майрам менен кыргызстандыктарды куттуктады.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештерим! Кыргызстандын эгемендүүлүгүн өз колуна алып, тарыхтагы өз чыйырын түптөгөнүнө 28 жыл болду. Бул жылдар аралыгында өлкөбүз кыйынчылыкты көп көрдү, аны менен ийгилигибиз да, сыймыгыбыз да катар жүрдү.
Кандай күн болбосун Кыргызстан эгемен өлкө! Биз ушуну менен сыймыктанып, ушуну менен соорондук.
Жерибиздин бүтүндүгү, элибиздин бейпилдиги башкы нерсе. Урпактарыбызга эгемен, өнүккөн мекенинде жашоо насип этсин.
Жараткан өлкөбүздү "өзөктөн чыккан өрттөн, өздөн чыккан жаттан" сактасын. Суук көз - сөздөн алыс кылсын.
Билимдүү, мекенчил жаштарыбыз көбөйсүн. Ар-намыстуу, даанышман карыларыбыз жол баштасын.
Баарыңыздардын майрамыңыздар менен!" - деди Улукбек Маматаев.