Ошто бүгүн, 30-августта Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, мектеп директорлору жана мугалимдер катышкан жыйын болду. Ага шаардын мэри Таалайбек Сарыбашев да катышты. Ал шаардагы билим берүү сапатына канааттанбай турганын билдирди.
"Ош шаарындагы мектептердин билим берүү деңгээли мага жакпайт. Сынды туура кабыл алыш керек. 20 жыл бою бир мектепти башкарып директор болуп отургандар да бар экен. Мектеп директордун менчиги эмес. Ишин аткара албагандар ордун бошотсун", - деген мэр мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилерин ротация кылуу зарылдыгын белгиледи.