Экс-депутат Өмүрбек Бабанов сегиз кылмыш иши боюнча сурак берип жатканын билдирди. Айтымында, төрт кылмыш иши боюнча Финполицияга, дагы төрт кылмыш иши боюнча УКМКга берүүдө.
Ал белгилегендей, иштердин жарысы Атамбаевдин бийлигинин тушунда, жарымы бул жылы козголгон.
Бабанов Москвадан келгенден кийин биринчи Финполицияга сурак берген. Анда сөз "Кыргызстан" банкы боюнча болгону маалым болгон.
Андан кийин УКМКга президенттик шайлоо алдында шайлоочулар менен жолугушууда сүйлөгөн сөзү үчүн сурак бергени ачыкталган.