Өмүрбек Текебаев соттон чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Айтымында, жакынкы аралыкта ага карата ачылган кылмыш ишинин кайра караган соттук процесси менен алек болот. Андан кийин ал үчүн башкы юридикалык жана саясий жактан реабилитациялануу. Ал эми мандат анчалык маанилүү эмес. 

 

"Сот соңуна чыгып, биз жеңишке жетсек, андан кийин гана партиянын саясий кеңеши менен мандат үчүн күрөшүү керекпи, же жокпу - акылдашабыз", - деди Текебаев. 

 

Биринчи май райондук соту бүгүн Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарды. Жогорку сот буга дейре аларга тагылган айыптардын баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жиберген.