Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

Буйрукка 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы

№ 3218-VI «2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.

 

Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.

 

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы

 

Разаков Жеңиш Парпиевич    -   Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Райымкулов Бакытбек Кеңешбекович    -   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
 

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

 

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);


Бакчиев Жаныбек Абдукапарович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);


Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);


Мамытов Талант Турдумаматович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);


Субанбеков Бакирдин Жамалович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);


Шайназаров Тынчтык Урайимович    -    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);


Араев Азамат Муратович-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;


Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич    -    Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы;


(макулдашуу боюнча);


Джаманкулов Марат Тургунбаевич    -    Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;


Намазалиев Алтынбек Абдисаламович    -    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;


Саккараев Марс Намарбекович    -    Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким;


Асанкулов Бекболсун Сатаркулович    -    Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча);


Медетбеков Артур Капарович    -    “Антитеррор-Альфа” ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Исаков Исмаил Исакович -    коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);


Кожоналиев Кубатбек Азатович    -    коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);


Турсунбек Акун    -    коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);


Мамасалиев Алишер Тургунбаевич    -    эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).