Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагына чыгышынын урматына "Ата Мекен" партиясынын офисинде банкет өтүүдө.
"Жубайым Айгүл мага жолугушууга барган айтты. Алар бир топ аялдар болуп Болот Шердин үйүнө конокко барышыптыр. Болот Шер мен тууралуу айта баштаптыр: "Текебаев адамдарды тандаганды билбейт, мен айтканды укпайт", - деп. Анан ортодон узакка пауза кармап туруп "... бирок аялдарды тандагандан жаңылган эмес!" - дептир. Ал жерде Айгүл, Роза Исаковна, Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, Наталья Никитенколор отурушкан экен. Мен аялдарга өзгөчө ыраазымын", - деди Өмүрбек Текебаев.
Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарды. Жогорку сот аларга тагылган бардык айыптарды жокко чыгарган.
Текебаев менен жолугушканга Роза Отунбаева, Темир Сариев, Аида Салянова келди.