Бүгүн Өмүрбек Текебаев үй камагына чыкты. Анын иши Биринчи май райондук сотунда жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу каралат. Жогорку сот саясатчыга жана Дүйшөнкул Чотоновго тагылган бардык айыптарды жокко чыгарган. 

 

Текебаев тарапташтарынын баарына ыраазычылык билдирип, акыйкаттуу боло баштаган сот чечимин майрамдоого чакырды.