Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттарынын жазган арызынын негизинде бүгүн Биринчи май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карады. Сот аларды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. 

 

Буга дейре, Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Жогорку сотто каралган. Жогорку сот саясатчыларга тагылган айыптарды жокко чыгарып ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жиберген.