Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов ИИМдин аракетинин мыйзамдуулугун текшерүүнү суранат. Бул тууралуу ал өзү билдирди. 

 

"Депутаттарга ИИМдин азыркы жасап жаткан аракеттерди канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүсүн суранабыз. Менден жана тергөөнүн башка катышуучуларынан андагы болгон сөздү ачыкка чыгарбоо жөнүндө тил кат алышты, бирок өздөрү иликтөө аяктай электе эле маалыматтарды жарыялап жатышат. Бул таң калыштуу. Курсан Асановду жаманатты кылууга активдүү жана массалык кампания башталганын баары байкашты болушу керек. Аны эмитен эле чыккынчы кылып коюшту", - деди адвокат. 

 

Ал парламент ИИМ учурдагы кырдаалда канчалык деңгээлде мыйзамдуу аракеттенип жатканын текшерүүсү керек дейт.