Ош шаарындагы балдарды бала бакчаларга жана мектептерге кабыл алуунун уюуштуруу туурасындагы маселе агартуу мекемелеринин жетекчилери катышкан жыйында абдан катуу талкууланды.
- Мындан ары балдарды бала бакчаларга жана мектептерге кабыл алуудагы жемкорлук жышаандарына карата үзгүлтүксүз күрөшөбүз! Ата-энелерден даттануу түшкөндө эле Ош шаардык мэриясынын алдындагы атайын комиссия дароо ишке киришет. Мында биз электрондук кезек системасын абдан дыкаат текшеребиз. Кокус тартип жана мыйзам бузгандар мыйзамга жараша жоопкерчиликке токтоосуз тартылат! – деди Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров.
Ушул тапта Ош шаарында 54 мектеп жана 41 бала бакча бар.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити