Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев бир тууганы Абдималик Тагаевди жүргүнчүлөрдү тартуу муниципалдык ишканасынын жетекчилигине дайындаган. Бул тууралуу мэриянын аппараты маалымат тараткан. Дайындоо 21-августта болгон.
Кийинчерээк маалым болгондой, мэр менен жаңы жетекчинин туугандык байланышы ачыкка чыгаар замат Абдималик Тагаев кызматынан баш тарткан.
Айрым маалыматтарга караганда, мэрдин дагы бир агасы депутат Асылбек Жээнбековдун кудасы болуп чыкты.