Башкортостандын борбору Уфа шаарында  24-27-августта  «Күмүш Акбузат» эл аралык кинофестивалы болуп өттү.

 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдиришкендей, фестивалда Кыргызстандын атынан көрсөтүлгөн  эки тасма сыйлыкка татыды.  

 

 

Маалыматка караганда, биринчи тасма режиссер Бекзат Пирматовго  таандык «Аврора» тасмасы. Ал  «Мыкты режиссердук иш» сыйлыгына ээ болду.

 

Экинчиси, режиссер  Айбек Дайырбековдун  «Дарак ыры» тасмасына  Башкортостандын Кинематографисттер бирикмесинин Малик Якшимбетов атындагы атайын сыйлык ыйгарылган.