Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин адвокатынын анын баш коргоо чарасын абактан тышкары кылып өзгөртүүнү суранган арызын сот канааттандырган жок. 

 

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Зилалиевдин иши боюнча сот жыйыны болду. Сот экс-вице-премьер-министрди 30-ноябрга чейин абакта калтырды. Андан сырткары экс-вице-премьер- министрге байланышкан кылмыш иши боюнча соттук иликтөөнүн мөөнөтүн узартты. 

 

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. 

 

Сот процессинде анын банктагы ячейкасынан 900 миң доллардай акча табылганы белгилүү болду.