Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун абалы оор болуп жатканын анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Айтымында, анын акыбалынын оордугуна карабай УКМКнын абагына которуп салышты.
"Соттук процесс эртерек аяктап, соттун чечимин чыгаруу үчүн ушинтип жатышат. А болбосо Сапар Исаков катуу ооруп жатат, отура да албай калды. Дарыгерлердин көзөмөлүнө муктаж", - деди адвокат.
Сапар Исаков ооруканага 16-августта которулган болчу.