ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо бөгөт чарасы кечээ, 27-августта каралды. Биринчи май райондук соту мурдагы орун басарды 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды. 

 

Курсан Асанов сот чечимине пикирин билдирүүдөн баш тартты. Ал болгону тергөөнүн далилдери макул эместигин билдирди. Ошондой эле сот адилеттүү чечим чыгараарына ишенээрин да кошумчалады. 

 

Курсан Асанов 13-августта кызматтан алынган. Ага милициянын кызыкчылыгын сатканы боюнча айып тагылган.