Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен аталган мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышты.
Сокулук районунун Орок айылында Мамлекет башчысы айылдыктар жана мугалимдер менен баарлашты.
«Ички миграциядан улам Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын орто мектептеринде окуучулардын саны көп болуп, мектептерге балдар батпай, чоң көйгөй бар экени маалым. Коррупция менен күрөштөн Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча каражатын мектептерди жана аларга кошумча окуу корпустарын курууга жумшайлы деп чечкенбиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент дагы бир жолу коррупцияны түп орду менен жок кылуу мамлекеттин негизги максаты экенин белгиледи.
«Белгилүү мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаров менен көзү тирүү кезинде жолугушканыбызда мага айтты эле: „коррупция — бул сары чырмоок чөптөй, аны түп орду менен жулуп жок кылыш керек“ деп. Биз ал үчүн бардык аракеттерди көрөбүз, коррупцияга каршы күрөш уланат», — деп баса белгиледи Президент. Ал аймактардын эли менен жолугушууларда алар мектептердин, бала бакчалардын жетишсиздигин айтып, куруп берүүнү өтүнүшөрүн кошумчалады.
«Кийин Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарын бала бакчаларды салууга жумшайбыз», — деп айтты Мамлекет башчысы.