Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп Кайрат Нурпеисов дайындалганын «Казинформ» агенттиги жарыялады. Тийиштүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев кол койгон. Президенттин башка жарлыгы менен Карим Көкрекбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматынан бошотулду.
Кайрат Нурпеисов 1957-жылы Павлодар облусунда туулган. Эки кесипке ээ, биринчиси математик, экинчиси экономист.