Ушул жылдын жети айында "РСК Банк" ААК тарабынан жети миң насыя берилген. Анын суммасы 4 миллиард 784 миллион 982 миң 116 сомду түзгөн.
Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Азизбек Оморкулов маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, 7 миң насыянын 766сы Бишкектин тургундарына, калганы аймактарга берилген.
Ал белгилегендей, 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы аймактарды каржылоо 21%га өстү. 2019-жылы да алдыга жылды. Банк тарабынан да аймактык долбоорлорду өнүктүрүүгө программалар түзүлгөн.
"Эң көп насыя Жалал-Абад облусунда 1 миң 452, экинчи Ош облусунда 1 миң 37 насыя берилген", - деди төрага.