ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун ден соолугу жакшы. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов билдирди. 

 

"Бардык эле адамдарда өнөкөт оорулар болот эмеспи, анын да ошондой дарттары бар. Бирок өмүрүнө коркунучтуу эмес", - деди Айткулов. 

 

Соцтармактарда Курсан Асанов инфарктка кабылуу алдында экени тууралуу маалыматтар айтылган.