Экс-депутат Өмүрбек Бабановду экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы кайрадан суракка чакырды.
Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.
Маалым болгондой, сурак "Кыргызстан" банкына байланыштуу болот.
Буга дейре да Бабанов Финполго суракка чакырылган, бирок ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат бергендиктен суракта эмне жөнүндө кеп болгону белгисиз бойдон калган.