Садыр Жапаровдун каза тапкан уулу Дастандын кырсык болоор алдында мотоциклде жалгыз баратпаганы белгилүү болду. Бул тууралуу жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кырсык 22-августта саат 22:45те Көк-Жар айылындагы “Фрунзе” гипермаркетинин автоунаа токтотуучу жайынын жанында  орун алган.

 

Дастан Садыр уулу мотоциклди айдап бараткан. Жүргүнчү отуруучу орундукта 20 жаштагы Д.К. аттуу кыз отурган. Мотоцикл түндүк тарапка багыт алган жана Toyota Matrix үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кагылышуудан кыз карама каршы тараптан келаткан Lexus RX 300 автоунаасын көздөй учкан. Соккудан кыз жараат алган жана учурда Чүй аймактык ооруканасында дарыланууда. Анын акыбалын дарыгерлер туруктуу деп баалашууда.