23-августта Москвадагы “Шереметьево” абамайданындагы кыргызстандык айдоочулардын катышуусунда болгон окуяны кыргыз дипломаттары териштирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

 

Алдын ала алынган маалыматтарга жана окуя болгон жердеги видеобайкоодон алынган материалдарга караганда, жабырлануучу тарап – кыргызстандыктар, алар кайтаруу кызматынын өкүлдөрүнөн жабыркашкан. Азырынча абамайдандын кайтаруучу тобу болгону, же ыкчам топтордун биринин кызматкерлери аралашканы белгисиз. Соцтармактагы маалыматтар боюнча, кайтаруучу топ кызуу абалында болушкан жана кыргызстандыктарды коркутушкан. Алардын бири кыргызстандыктын башын тапанча менен уруп жарган, автоунаага да зыян келтирген. Дагы бир кайтаруучу бычак шилтегилеген. Алар алгач жарандык кийимде болушкан, полиция кызматкерлери келген кезде формаларын кийип алышкан. Жаңжал соцтармакка күбөлөрдүн жазганы аркылуу белгилүү болгон.