Мамлекеттик чегара кызматынын маалыматына караганда, Айдаркендеги чегара бөлүгүнүн  “Бөрү” атайын кызматынын офицери жазаланган жок.

Анда айтылгандай, Аскер прокуратурасы майор Ф. Ж.га айып такты жана учурда мекеме иликтөөлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатат.

 

Мамлекеттик чегара кызматы окуяны жашыруун кармоого аракеттер болбогонун белгилейт. Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине жоокердин жараат алганы кийинки күнү эле катталган. Контрчалгындоо кабадар болгон, андыктан жашыруу болгон эмес.

 

“Учурда майор Ф. Ж. абакта. Күбөлөр келишимдик негизде милдетин өтөп жаткан жоокер машыгуу учурунда жарадар болгонун айтышты. Ф.Ж. спирттик ичимдиктерди ичпейт. Бул окуя боюнча дисциплинардык жазага эч ким тартылбады”, - дейт аталган кызмат.  

 

Айдаркенде атайын бөлүктүн офицери жоокерди бычак менен жарадар кылган.