Ыск-Көлдөгү жер тилкесинин ""Фрунзе-Резорт ЖЧКсынын карамагына мыйзамсыз өткөрүлгөнү боюнча иш сотко берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө, Чок-Тал айылындагы 4,61 гектар жер тилкеси жеке менчикке сатууга ылайыкталбаган, бирок ал "Фрунзе-Резорт" ЖЧКсына 49 жылга ижарага берилип кеткен.
Жер тилкесин ижарага берүү боюнча токтомго ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун колу коюлган.