Сургуттун түрмөсүнө Россиянын аймагына кирүү үчүн аты-жөнүн алмаштырган кыргызстандык жөнөтүлөөрүн Россиянын прокуратурасынын сайты жазып чыкты. 

 

Маалыматка караганда, 2015-жылы жаранга административдик эреже бузганы үчүн  Россиянын аймагына беш жылга чейин кирүүгө тыюу салынган. 2016-жылы ал аты-жөнүн алмаштырып, чегарадан кирген. 

 

Сот кыргызстандыкты жети айга эркинен ажыратты. Жаза мөөнөтүн жатак-колонияда өтөйт.