Мурдагы президент Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун соту ушуну менен үчүнчү жолу жылдырылды. Бул жолу соттук отурум 29-августка белгиленди.
Маалыматка караганда, процесс кылмыш ишиндеги шектүү Руслан Шакировдун жактоочулары келбей калгандыктан жылдырылган.
Илмиянов өткөн жылдын 20-октябрында Россияда кармалган. Ал пара алуу боюнча айыпталууда.