Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун уулу 27 жаштагы Дастан каза тапты. Жарандык активист Мелис Аспековдун билдиргенине караганда, Дастан жол кырсыгына кабылган. 

 

Айтымында, кырсык мындан 3-4 күн мурда болгон. Ал Садыр Жапаровдун тун баласы. Кырсыктап Травматология жана ортопдеия илим-изилдөө борборуна түшкөн. Алган жараатынан бүгүн көз жумган.