Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинин директору Мира Жангарачева интернетке тараган аудиожаздыруу боюнча маалымат берди. Эске салсак, ал аудиожаздыруу ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен Мира Жангарачеванын сүйлөшүүсү деп аталып, аял киши "Эмне анын шаарга келип, талкалап салсын дейсиңерби?" - деген мааниде сөз сүйлөгөн.
Жангарачеванын айтымында, бул маалымат "фейк".
"Каалагандарын чыгара беришсин. Бир-эки күн чыдайм, анан сотко кайрылам", - деди ал.
Ал эми КСДП партиясы болсо бул боюнча боюнча Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага ачык кайрылуу жолдоп, жазылган үндөрдүн чын-бышыгын аныктап, ага ылайык кылмыш ишин козгоону талап кылышты.