Натыйжада өлкөдө жумушсуздардын саны артып, чет өлкөгө иш издеп чыгып кеткендер көбөйдү. Мына Россияга 2019-жылдын жарым жылдыгында Кыргызстандан 265 000 киши кирген. Бул эмне деген шумдук. Өкүнүчтүүсү, кыргыздар иш таппай сыртка чыгып жатса, биздин бийлик быйыл 9 миңге жакын кытайга иш квотасы үчүн виза берген. Мына парадокс. Өз элин иш менен камсыздай албай тентитип жатып, ансыз да кооптонуу, коркунуч жаратып жаткан кытайларга виза берип иш менен камсыз кылууда. Ушул да элди, мамлекетти ойлогон саясатпы?
Булак: «Фабула»