Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттар Биринчи май райондук сотуна арыз беришти. 

 

Жогорку сот Текебаев менен Чотоновго тагылган айыптарды жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жиберген. 

 

Сот отуруму 29-августка белгиленди. Анда баш коргоо чарасын өзгөртүү каралат. Ал соттордун курамы азырынча аныктала элек.