ИИМ башчысынын орун басары Памир Асанов менен Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун куда-сөөктүк байланышы бардыгын ИИМ тастыктады.
"Муну саясатташтыруунун кереги жок. Памир Асановдун уулу Райымбек Матраимовдун эжеси Фариданын кызына үйлөнгөн. Алардын бир үй-бүлө болуп түтүн булатып жатышкандарына көп болду. Жаштар өздөрү табышкан, алар табышкыча Асанов менен Матраимов бирин бири тааныбайт деле болчу. Эми Памир Асанов орун басар болгондон кийин элге алып чыга башташты", - деп билдирди ИИМ.
Райымбек Матраимовдун күйөө баласы Эрнест 31 жашта жана Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштейт.