Бишкек шаарында пилоттук режимде текшерип көрүү үчүн киргизилген мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мамлекеттик социалдык буйрутма программасын башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда.
Программаны аткаруучу болуп Билим берүү жана илим министрлиги эсептелет.
Программанын төмөндөгүдөй артыкчылыктары бар:
- калктын аярлуу катмарына багытталган
- Төлөм баланын ата-энесине социалдык талонду берүү аркылуу жеке бала бакчага баруудагы акынын 50% кем болбошу керек
- жеке секторду кызматташууга тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү
-мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган бюджеттик каражатты үнөмдөө.
Баа саясатын аныктоо үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке менчик бала бакчаларга кошумча мониторинг жүргүзүлгөнү белгиленет. Социалдык тейлөө кызматын көрсөтүүчүлөрдү тандоо критерийине ылайык, Бишкек шаары боюнча 2014-жылдан 2019-жылга чейин лицензия алган 73 жеке менчик бала бакча боюнча маалыматтар чогултулган.
Бишкек шаары боюнча мониторинг: – 3500дөн 6000 сомго чейин – 9 бакча; 6000ден 8000 сомго чейин – 22 бала бакча; 8000ден 10000 сомго чейин – 42 бакча.
Бул тизмеден тышкары ар бир ата-эне өзү жана баласы үчүн ыңгайлуу болгон бала бакчаны тандаса болот.