Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жеке бала бакчалардын документтерин кабыл алуу жүргүзүлүүдө. 2019-жылдын 15-майына карата жеке менчик бала бакчалардан бардыгы болуп 12 билдирме келип түшкөн, алардын ичинен 9 бакчанын билдирмеси жайгашкан жерине барган техникалык комиссиянын чечими менен канааттандырылды.

 

«Капелька счастья», Дэн Сяопина пр, 551;

 

«Бекхан», Токмок көчөсү, 65;

 

«Карлсон»,   Восточная көчөсү, 64;

 

«Балдар ааламы», Л.Толстой көчөсү, 97а;

 

«Герман Гмайнер окуу-тарбиялоочу SOS» мекемеси, А.Токтоналиев, көчөсү, 137а;

 

«Кенгуренок» мектепке чейин билим берүү жана тарбиялоо борбору» ЖЧК, Бакаев көчөсү, 141;

 

«Бала бакча-наристе «Нур Бала» ЖЧК, 7-кичи район, 23/4а;

 

«Бала бакча «В гостях у Пеппи длинный чулок» мекемеси, Осипенко көчөсү, 38;

 

 «Слоненок» ЖЧК, Армейская көчөсү 10/3.

 

Бала бакчалар жалпысана 300 орун берет.

 

Учурда жарандардан  каалаган жеке бала бакчасына социалдык талон алуу үчүн билдирмелер кабыл алынууда.

 

Белгилей кетүүчү жагдай, программа Бишкек шаарында пилоттук режимде сынамык үчүн киргизилген. Учурда билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан социалдык тапшырык программасын жеткиликтүү кылуу жана калкты көбүрөөк тартуу үчүн каржылоо механизмин өзгөртүү боюнча иштер жүргүзүлө баштады.

 

Мамлекет тарабынан дотациялоо өлчөмүн көтөрүү болжонууда.

 

Бишкек шаарында сынамык мезгили аяктагандан кийин, 2020-жылдан баштап программаны башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда.