30-31-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында төкмө акындардын Эл аралык айтышы болот. Байге фонду 2 миллион сом.
Иш чара төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналат жана кыргыз-казак төкмө акындары катышат.
Кыргызстандын атынан Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Жылдызбек Төрөканов, Баян Акматов, Эламан Келдибеков, Шайлообек Отунчиев катышат. Ал эми Казакстандан Айнур Турсунбаева, Балгынбек Имаш, Алтынбек Ибрагимов, Биржан Байту, Мухтар Ниязов, Жандарбек Булгаков, Сырым Ауезхан, Нурлан Эсенкулов келет.