Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочу –жансакчысы Дамирбек Пайзылла уулунун баш коргоо чарасы каралды.
Соттун чечими менен ал 23-сентябрга чейин абакта калтырылды.
Эске салсак, Курсан Асановго карата Аскер прокуратурасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал кызматынан 13-августта бошотулган.