Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун акыбалы дагы да жакшыра элек. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

 

Айтымында, Исаков ден соолугунун айынан сот процесстерине катыша албагандыктан, кийинкиге жылдыруу боюнча өтүнүч келтирген. Биринчи май райондук соту өтүнүчтү канааттандырган.

 

“Исаков ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө калтырылды. Соттук отурумдарга катыша албайт”, - деди адвокат.