Мамлекеттик чегара кызматы Баткендеги Көк-Таш айыл аймагындагы абал турукташып калганын билдирди.

 

Маалыматка караганда, чыр 24-августта чыккан. Кыргызстандын Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Исфара районундагы айылдардын биринин тургундарынын ортосунда карама каршылык пайда болгон. Кыргызстандык үйүн тегерете тосмо курган, бул тажикстандыктардын нааразычылыгын жараткан. Алар үй турган аймак тактала элек экенин айтышкан. Ошондой эле Кыргызстандын ичиндеги чегара бойлой салынган жолдун курулушуна каршы чыгышкан.

 

Тажикстандын Чек ара аскерлери 24-августтагы окуяга кыргыз тарап күнөөлүү деп жатат. Мекеме тараткан расмий маалыматта кыргызстандык жаран тактала элек тилкеде курулушка тыюу салынганына карабастан кара май куюучу станция курганы жатканы айтылат.

 

“Баткендин тургундары дайыма ортодо кабыл алынган протоколдорду бузуп, чагымчыл аракеттерге барышат” деп айтылат тажик чек арачыларынын билдирүүсүндө.

 

Быйыл июль айында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу өтүп, чек ара маселеси талкууланган.