ЭКс-премьер-министр Феликс Кулов өзү тууралуу жалган маалымат тараткан журналист менен соттошоорун "Азаттыкка" маек берип жатып белгиледи.
Эске салсак, буга дейре айрым маалымат каражаттары Куловдун Бермет Акаева менен жолукканын жазып чыккан. Мурдагы президенттин кызы жакында Москвадан Бишкекке учуп келген.
Саясатчы ушул убакка чейин бир да журналист менен соттошпогонун билдирип, бул сапар чыдамы түгөнгөнүн да айткан.
"Маалыматты төгүнгө чыгарышпаса сотко берем. Мен Бермет Акаева менен жолуккан эмесмин, жакында эле эмес такыр жолукпагам. Ар кайсы кызматта иштеп турган учурумда да кезиктирбегем. Бир гана жолу анын үйлөнүү тоюна конокко чакырылганымда көргөм", - дейт Кулов.