Башкы көзөмөл органы 2005-жылдын апрелинен бери Аскар Акаевге, үй-бүлөсүнө жана үй-бүлө менен мамилеси бар адамдарга бир нече кылмыш иштери козголгонун белгиледи.
Мсалы, Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фондунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу эле 30 чакты кылмыш иши ачылган. Бул кылмыштар өлкө бюджетине 64 миллион сом чыгым келтирген. Иликтөөлөрдүн негизинде, мамлекетке ондогон имараттар жана башка мүлктөр кайтарылган.
Адил Тойгонбаев көз боемочулук жана башка кылмыштарга айыптуу деп табылып, сырттынан 20 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үй-мүлкү конфискацияланган.
Айдар Акаевге болсо төрт кылмыш иши козголгон. Анын мамлекетке 3 миллион доллар зыян келтиргени белгилүү болгон. Дагы 11 кылмыш ишине анын түз жана кыйыр күнөөсү далилденген.
Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү 2005-жылдын 25-мартында Кыргызстандан чыгып кеткен. Аларга байланыштуу кылмыш иштери андан кийин ачылгандыктан, аларды сыртынан соттоо менен чектелишкен. Эгер Акаев Кыргызстанга кайтса, мыйзам чегинде улуттук кызыкчылыкты коргоо үчүн суракка алынат.
Эске салсак, Аскар Акаев жакында россиялык басылмаларга маек берип, Кыргызстанга кайтып келээрин айткан.