Бишкек ШИИБИ адвокат Икрамидин Айткуловдун уулунун да көз боемочулукка тиешеси бардыгын маалымдады. Ага карата да көз боемочулук беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. 

 

Маалыматка караганда, 24-январда Башкы прокуратурага Б.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал Азамат Айткулов 2014-жылдын апрель айында атасын дарлатуу үчүн 25 миң доллар алганын, насыя алып-берүүнүн келишимин түзүшкөнүн айткан. Үч айдан кийин бизнесин өнүктүрүүгө 6 миң доллар карызга алган. 

 

2014-жылы Икрамидин Айткулов уулунун карызын өзү төлөп берээрин айтып убадалаган. 2015-жылы насыя келишими түзүлүп, 31 миң доллар төлөп берээри нотариус аркылуу күбөлөнгөн. Бирок, ошондон бери адвокат карызын кайтарган эмес.