Өмүрбек Текебаевдин адвокатттары жана "Ата Мекен" партиясындагы жан күйөр достору аны ооруканага көрүүгө, кубанычтуу жаңылык менен куттуктоого барышкан. Баары чогулуп түшкөн сүрөттү интернетке жарыялашып, "Биздин жеңиш" деп аташты.
Текебаевдин жактоочулары Кылмыш кодексинин жаңы вариантынын ишке киришине байланыштуу жаңы жагдайларга ылайык сотко кайрылышкан. Жогорку сот 21-августта Текебаев менен Чотоновго тагылган айыптарды жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жиберилген.