Адвокат Икрамидин Айткулов Бишкек ШИИБинен убактылуу кармоочу жайына сурактан кийин киргизилди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

 

Адвокат өткөн жылдан сентябрь айында Н. Д. аттуу жарандан түшкөн арыздын негизинде кармалганы айтылууда. Арызда Айткулов жарандан 5500 доллар өлчөмүндөгү акча алып бербей кеткен. Мындан улам ал көз боемочулукка шектелүүдө. 

 

Айткулов ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты болчу.