Сеид Атамбаев коомчулукка кайрылуу жолдоду. Кайрылууну КСДП таратты.

 

Анда ал атасынын бийлигинин тушунда Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болгонун тизмектеген. Айтымында, өлкө электр энергиядан көз карандысыздыкка жетишкен, санариптөөгө өткөн, ЕАЭБге кирген. Биометрикалык шайлоо пайда болуп, парламенттин тарыхында биринчи жолу анын энчисине чоң укук берген Конституциялык реформанын өткөрүлгөнүнө Атамбаевге ыраазы болушубуз керек. 

 

Андан ары Сеид Атамбаев маалымат каражаттарына чыккан, баштыгынан ири суммадагы акча табылганы боюнча маалыматтарга жооп кайтарган. 

 

"Ооба, ал сумкада чын эле 170 миң сом бар болчу, ал акча 10 бука сатып алууга даярдалган. Жыл сайын 30 жылдан бери Курман Айт майрамына карата атам Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, пенсионерлерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берет. Бийлик бул акчаны алып коюшту, алар менден, же атамдан тартып алышкан жок, элден тартып алышты", - деп жазган Атамбаевдин уулу. 

 

 

 

Ал бийликтин башкы максаты Атамбаевди өлтүрүү керектигин белгилеп, "Атамдын бир тал чачы түшө турган болсо толук жооп бересиңер", - деп да эскерткен.