Депутат Ирина Карамушкина КР Кылмыш кодексинин 244-беренеси "Массалык башаламандыкты уюштуруу" боюнча күбөдөн шектүүгө айланды. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
Айтымында, башпрокурор Өткүрбек Жамшитов аны күбөдөн шектүүгө алып өткөн.
"Элге акчаны мен таратып, кызматкерлерин сабоого мен буйрук бериптирмин. Аны менен ЖК депутатынын антын бузуптурмун... Бийликтин чыныгы жүзү ушул! Экс-президентке, депутатка токулган, далили жок жалаа жабышса, анда камап деле салышат, анан жылдар бою ак экениңди далилдеп көр. Бийликтин чектен чыкканы!.. Өлкө, куттуктайм!" - деп жазды депутат.