- Быйыл Ысык-Көлдө жүрүп, айылдык “интеллигенциянын”: “эмне, оштуктар эми бизди башкарабы?”- деген нааразы сөздөрүн угуп жаттым. Ушуга окшош дагы бир нече жүйөөлөрү: “Атамбаев албетте акмак, бирок ал биздин акмак да”. Алардын принципи боюнча башкалар уурдагандан көрө Атамбаев эле уурдай берсин.
Орустар, татарлар жана башка улуттук азчылыктын өкүлдөрү да Атамбаевди орусча сүйлөгөндүгү жана аялы татарка экендиги үчүн колдошот. Бул алардын тээ аң сезиминин түпкүрүндөгү критерийи. Улутчулдук – бул адамдын жан дүйнөсүнө тез жуга турган аңкоо касиеттердин бири. Ошондуктан улутчулдар муну элдин башын айлантууга пайдаланышкан.