Мурдагы башкы прокурору Аида Салянова Улуттук кардиологиялык борборго жүрөк оорусу боюнча дарыланууга жатты. Бул тууралуу сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.
Айтымында, Салянованын абалы оор. Чет өлкөгө барып операция жасатуу муктаждыгы да жаралган. Бирок, үй камагына чыгарылган аны чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүүнү сот чечет.
Эске салсак, Салянова Батукаевдин бошотулушу боюнча шектелип камакка алынып, жакында үй камагына чыгарылган.