Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш Башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышканы" ачыкталып, сотко чейинки өңдүрүштү Бишкек прокуратурасы кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттады. 

 

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

 

 

Маалыматка караганда, Бишкектеги Чүй проспектиси - Манас проспектисиндеги, Чүй проспектиси менен Абдырахманов көчөлөрүндөгү жер алдындагы, Курманжан Датка көчөсү менен Шабдан Баатыр көчөлөрүндөгү жер үстүндөгү өтмөктөрдү оңдоо иштеринде чыгаша көбөйтүлүп көрсөтүлгөн. Курулуш 498,9 миң сом болуп көрсөтүлгөнү менен анын 122, 3 миң сому ортомчулардын капчыгында калган. 

 

Жыйынтыгында, Бишкек шаарынын бюджетине 376, 6 миң сом зыян келтирилген.