20-август күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 7-8 августундагы окуя боюнча күбө катарында Азимбек Бекназаров чакырылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

 

Ал күбө катарында суракка чакырылып, тергөө сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу документке кол койду.

 

Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.